FIFA мыкты футболчу, машыктыруучу жана күйөрмандарды атады. Сүрөттөр

Сыйлык тапшыруу боюнча онлайн иш-чара 17-январь күнү Швейцариянын Цюрих шаарында өттү. Анда футболчулардын 2020-жылдын 8-октябрынан тарта 2021-жылдын 7-августуна чейинки көрсөткөн ийгиликтерине баа берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып, мыкты оюнчу, машыктыруучу жана эң кооз голду аныктады.
Сыйлык тапшыруу боюнча онлайн иш-чара 17-январь күнү Швейцариянын Цюрих шаарында өттү. Анда футболчулардын 2020-жылдын 8-октябрынан тарта 2021-жылдын 7-августуна чейинки көрсөткөн ийгиликтерине баа берилди.
Өткөн жылдын мыкты футболчусу деп Польшанын курама командасынын жана "Бавария" клубунан чабуулчусу Роберт Левандовски табылды. Бул сыйлыкты алыш үчүн ал айтылуу футболчулар Лионель Месси менен Мохамед Салахты артта калтырды.
Кыз-келиндер арасында мыктылардын мыктысы деп Испаниянын "Барселона" командасынын жарым коргоочусу Алексия Путельяс аталды.
"Манчестер Юнайтеддин" форварды Криштиану Роналду курама команданын дарбазасына киргизилген голдор боюнча рекорду үчүн атайын байгеге ээ болду.
Эркектер арасындагы футболдо мыкты машыктыруучу деп "Челсинин" насаатчысы Томас Тухель аталды. Ал эми аялдар футболундагы машыктыруучулардын арасынан ошол эле "Челсидеги" Эмма Хейз алдына эч кимди салган жок.
Ал эми эң кооз гол деп испаниялык "Севильянын" жарым коргоочусу Эрик Ламеланын голу аталды. Аны футболчу өткөн жылдын 14-мартында "Тоттенхэмдин" курамында ойноп жатып, "Арсенал" командасынын дарбазасына киргизген.
Дания менен Финляндиянын курама командаларынын күйөрмандарына "Мыкты күйөрман" наамы берилди. Алар эки өлкөнүн командалары ойноп жатканда эсин жоготкон даниялык футболчу Кристиан Эриксенди биргеликте колдоп беришкен. Футболчунун жүрөгү оюн талаасында токтоп калып, кийин операция жасаткан.
Англия премьер-лигасынын 2021-жылдагы мыкты голдору. Видео