Радио

Жумаев: быйыл Каракол шаарында 13 эл аралык иш-чара өтөт

Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев быйыл шаардын тарыхын чагылдырган маданий, спорттук, илимий, жаштар ишине багытталган 13 эл аралык иш-чара пландалып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары таанылышы шаардын туристтик потенциалын дагы жогорулатып, чет өлкөлүктөрдү кызыктырат. Бул тууралуу Эрмат Жумаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштардын илим, билимге умтулуусун көздөгөн долбоорлорго басым жасалып, өкмөт менен тыгыз байланышта иш жүрүүдө.
"Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору деп аталышы борбордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, туризм потенциалын арттырат. Быйыл шаардын тарыхын чагылдырган маданий, спорттук, илимий, жаштар ишине багытталган 13 эл аралык иш-чара пландалууда. Каракол туризмдин чордону болгондуктан, буга дагы байланышкан бир катар иш-чаралар каралып жатат. Учурда шаарды таанытуу максатында видеороликтер даярдалып, аны жеке бизде гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да жайылтуу мерчемделүүдө. Аткарыла турчу иштер маданий борбор макамына гана арналып өткөрүлбөстөн, алар кийинки жылдары да шаардын өнүгүүсүнө багытталат", — деди Жумаев.
Ошондой эле мэр шаарда туристтер үчүн маалымат борборлору түзүлүп, жергиликтүү жана чет элдик меймандар бардык нерседен кабардар болуп турарын кошумчалады.