Пресс-борбор

Бишкекте канча мугалим, окуучу COVID, КРВИ менен ооруду? Мэриянын маалыматы

Эпидемиологдор мындай оорулардын катталышы сезондук көрүнүш экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Борбор калаанын мектептеринде коронавирус менен 50, курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен 8000ден ашуун мугалим, окуучу ооруду. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева
Анын ичинен 17 педагог жана 32 бала COVID-19га чалдыккан, ал эми КРВИ 150 мугалим, 8000дей окуучудан аныкталган.
"Эгер окуучулардын жалпы санына салыштырып эсептеп көрсөк өтө эле аз. Эпидемиологдор бул сезондук көрүнүш экенин айтууда", — деди вице-мэр.
Бишкекте COVID-19 менен ооругандар аныкталгандыктан 13 мектеп, бир бала бакча карантинге жабылган. Мозгачеванын айтымында, бир дагы билим берүү мекемесинде оорунун очогу катталган эмес.
Кыргызстанда өзгөчө учурларда 12 жаштагы балдар да эмделе баштады