Бишкекте 13 мектеп онлайн-окууга өтүп, бир бала бакча карантинге жабылды. Тизме

Мектепте коронавирустун бир учуру аныкталса, анда класс, эки же андан көп учур болсо билим берүү мекемеси 14 күнгө карантинге жабылат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-Янв. — Sputnik. Бишкекте COVID-19 менен ооругандар аныкталгандыктан 13 мектеп аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Баш калаанын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругуна ылайык, №26, №88, №62, No 60, № 73, № 12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6 мектептер аралыктан окутууга өткөн.
Ошондой эле №135 бала бакчасы толук жана №144 бала бакчанын бир тайпасы карантинге жабылган.
Буга чейин эки окуучудан коронавирус табылгандыктан шаардагы №6 мектеп-гимназия онлайн-окутууга өткөн.
Алгоритмге ылайык, эгерде мектепте коронавирустун бир учуру аныкталса, анда класс карантинге кетет. Эгер эки же андан көп учур болсо, билим берүү мекемеси 14 күнгө жабылат.
Мэрия ата-энелерди илдет менен күрөшүүгө чакырып, ооруган балдарды мектепке жибербей турууга чакырды.
Бир суткада 820 кишиден COVID аныкталды. 49 бейтаптын абалы өтө оор