Үшүк алган адамга алгач кандай жардам көрсөтүү керек? Адистин кеңеши

Сырттан катуу үшүп келген адамга өтө кызыл чай же кофе берүүгө болбой турганы айтылды. Анткени алар кан тамырды кеңейтет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева үшүк алган адамга оболу кандай жардам көрсөтүү керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде түшүндүрүп берди.
Адистин айтымында, үшүк алганда кол, бутту дароо ысык сууга жууганга болбойт.
"Андай адамды дароо жылуу бөлмөгө киргизип, жылыткыч коюп, чай ичирүү керек. Ага мүмкүнчүлүк жок болсо колду жылуу ороо сунушталат. Үшүгөн колу-бутун жылуу сууга (кол, буттун температурасынан бир аз жогору) малып, теринин сезгичтигин калыбына келтирүү керек. Ар кандай көнүгүүлөрдү жасоого да туура келет. Бирок кол-бутту ысык сууга жууп, үшүгөн жерди муз же кар менен сүртүүгө болбойт. Анткени ал ткандарды жабыркатып, инфекция кириши мүмкүн", — деди Эгембердиева.
Ал ошондой эле үшүгөн жерге арак сүртүп, укалап, жылыткычка басууга тыюу салынарын эскерткен. Сырттан катуу тоңуп келген адамга өтө кызыл чай же кофе берүүгө болбой турганы да айтылды. Анткени алар кан тамырды кеңейтет. Ошондуктан жылуу сууга варенье салып же компоттун түрүн берүү сунушталган.
Адистин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Кайсы аймактарга кар жаайт? Алдыдагы аптага аба ырайы