БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Асман" шаарын курууга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" гезитине курган маегинде билдирди.
Мамлекет башчы учурда шаардын башкы планы иштелип жатканын, ал 1-2 жылда бүтө турганын айтты.
"Асман" шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар үйлөрдү салып анан сатышат. Пайдасын өздөрү көрөт. Мамлекет болгону 10 пайызга чейин квартира менен алып, ипотекалык компания аркылуу элге берет. Эгер мамлекетте 20 миллиард доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 миллиард доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин, салабыз деп жаткан инвесторлорго берели да", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал шаардын курулушу башталса бери дегенде 200 миң адамга жумушчу орун пайда болорун белгиледи.
"Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайнын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай ыкма менен курулган", — деди президент.
Жапаров бийликке келген күндөн баштап эле өлкөдөгү ири долбоорлорду изилдеп баштаганын айтып өткөн.
"Асман" шаарын куруу
2021-жылдын июль айында президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылына жакын жерде 500 миң адамга ылайык экологиялык "Асман" шаары куруларын кабарлаган. Бийлик "Асман" Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борбору болорун айткан. Болочок шаардын долбоордук чечимдерин иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык топ түзүлгөн. Шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп Тимур Файзиев дайындалган.