Кыргызстан канчанчы орунда? Дүйнөдөгү таасирдүү паспорттордун рейтинги

Жалпысынан дүйнөнүн 111 мамлекети каралып, эң акыркы орунду 26 өлкөгө визасыз бара алган Афганистан ээледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Швейцариянын эл аралык Henley&Partners консалтинг компаниясы "дүйнөдөгү таасирдүү паспорттордун" рейтингин жаңылады.
Анда Кыргызстан 80-орунду ээлеген. Ушул эле сапта Батыш Африкада жайгашкан Сьерра-Леоне Республикасы турат.
Паспорттордун "күчтүүлүгү" канча өлкөгө визасыз режим менен кирүүгө берилген уруксатына карап аныкталган.
Рейтингде Азия чөлкөмүндөгү Сингапур менен Япония лидер атыккан. Бул мамлекеттердин жарандары 192 өлкөгө визасыз саякаттай алат.
Жалпысынан дүйнөнүн 111 мамлекети каралып, эң акыркы орунду 26 өлкөгө визасыз бара алган Афганистан ээледи.
Ал эми КМШдан Россия 46, Украина 35, Беларусь 65, Казакстан 68, Азербайжан 74, Армения 78 жана Грузия 48-орунга ээ болду.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 63 мамлекет менен визасыз режим боюнча макулдашкан. Бул рейтингде кыргыз паспорту 2019-жылдан бери 80-орундан жылбай турат.
Путин СССРде туулгандарга Россиянын жарандыгын берүүнү жөнөкөйлөтүүнү сунуштады