Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балаты алынууда

Алгач "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери оюнчуктар менен кооздуктарды алып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында башкы балаты жыйналып жатканын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Учурда шаардык кызматтар иш жүргүзүп жатат. Алгач "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери оюнчуктар менен кооздуктарды алат. Андан кийин конструкцияны "Тазалык" ишканасы жыйнап кетет.
Ошондой эле "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык инсталляциялар да алынат. Бардык конструкциялар жыйналып бүткөндөн кийин кампада сакталмакчы.
Мэрия башкы балаты менен "Ала-Тоо" аянтын кооздоого жалпы жонунан 5,7 миллион сом сарптаган. 25 метрдик балатыга 1 400 оюнчук тагылган.
Кыргызстандын эки шаарында жаңы жылдык балатылар өрттөндү. Видео