Милиция спецназ аскерлери 28 жана 30 жаштагы шектүүлөрдү кармаган учурдун видеосун жарыялады.
Маалыматка караганда, 5-январь күнү саат 20:30да милициянын нөөмөт бөлүмүнө ооруканага 31 жана 32 жаштагы жарандар жарадар болуп түшкөндүгү тууралуу маалымат берилген. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ("Денеге залака келтирүү") ылайык кылмыш иши козголгон.
16-январь күнү шектүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары милициянын каттоосунда турган эки жаран кармалды. Экөө тең Балыкчы шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Тема боюнча: