Кофенин капыстан жараткан кооптуулуктарын адистер айтып берди

Америка Кошмо Штаттарынын окумуштуулары илимий изилдөөнүн жыйынтыгы менен бөлүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ичимдикти, кофени ашыкча ичүү мээни жабыркатып, когнитивдик фекциялардын бузулушуна алып келерин америкалык диеотологдор эскерткендигин Eat This, Not That порталы жазган.
Адистер азыраак көлөмдөгү кофеиндин когнитивдик функцияларга оң таасиринен башка зыяны болбостугун, ал эми ашыкча колдонулганда кесепетин тийгизерин айтышкан. Порталдын жазганына караганда, адам аны бир күндө алты чыныга чукул ичкенде мээнин жөндөмдүүлүгүн бир топ төмөндөтүп, кем акылдыкка чалдыктырышы мүмкүн.
Окумуштуулар арак да организмге өлчөмүнөн көп киргенде кесепети жакшы эместигин, тагыраагы, мээнин нейрондорун өлтүрөрүн билдирген.
Радио
Дүйшөнкулова: спирт ичимдиги канча көлөмдө ичилбесин организмди ууландырат
Кофени жакшы көргөндөрдүн ден соолугун эмне талкалаарын адис айтып берди