Казакстанда катуу бороон жолдо бараткан фураны оодарып сала жаздады. Видео

Кечээ катаал аба ырайынан улам Казакстандын беш регионунда трассалар жабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Караганда — Нур-Султан унаа жолунда катуу шамал болуп чиркегичи менен бараткан фураны оодарып сала жаздады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазып, күбөлөр жиберген видеону жарыялады.
Ролик кечээ, 15-январда, Нур-Султан менен Акмоло районунда кардуу бороон болгон учурда тартылганы айтылат.
Кечээ катаал аба ырайына байланыштуу Казакстандын беш регионунда трассалар жабылган. Ал эми бүгүн Казакстандын түндүк жана батыш облустарына шашылыш билдирүү жарыяланып, катуу бороон, жолдор тайгак болору, ашууларда шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге жетери кабарланган.
Бишкекте сүзүшүп капталына оодарылган автоунаа элди тебелеп кете жаздады. Видео
АКШда бороон-чапкын 80дей кишинин өмүрүн алды. Катуу шамалдын видеосу