БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын чөлкөмүндө 0…-5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +5…+7, Ош шаарында +8…+10 градусту көрсөтөт.