Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандагы башаламандыкта көз жумгандардын саны айтылды

Басымдуу бөлүгү ооруканада каза болгон, ал эми ызы-чууда 4 578 адам жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандагы жыл башында болгон башаламандыкта 225 киши көз жумганын Sputnik Казакстан билдирди.
Бул Башкы прокуратуранын бүгүнкү күнгө берген расмий маалыматы, моргдорго дал ушунча сөөк жеткирилген. Каза болгондордун 19у — күч органдарынын кызматкерлери. Дагы бир бөлүгү — бандиттер, калганы — жай тургундар. 225 кишинин 175и медицина мекемелеринде каза тапкан. Бул маалыматтардын баарын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү айтты.
Ал эми ызы-чууда 4 578 адам жабыркаган. 5-январдан тарта медициналык жардам сурап 2 677 киши кайрылган. 863ү ооруканага жаткырылса, кийинчерээк 598 бейтап айыгып чыккан. 265 адам дарыланууда, анын 67си оор абалда реанимацияда жатат.
Жалпысынан 546 иш козголгон. Башкы прокуратура башаламандыкка 20 миңден ашуун киши катышканын айтты.
672 киши шектүү катары бөлүмдөргө жеткирилип, 446 адам камакка алынган. Документтери текшерилгенден кийин 120 киши үйүнө коё берилген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Аман-эсенбиз, ыраазыбыз! Алматыдагы төрт кыргызстандык коё берилди. Видео