Лавров: пикир келишпестиктер көбөйүп, абал чыңалып бара жатат

ТИМ жетекчисинин айтымында, Москва окуянын ар кыл нукта өнүгүүсүнө даяр.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. НАТО аяльнсты жасалма кеңейтип, ага Украинаны кошуу аракетин токтотпой келет. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жыл сайын өтүүчү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, пикир келишпестиктер көбөйүп, дүйнөдө абал чыңалып бара жатат. Буга "эл аралык мамилелердин архитектурасын үзгүлтүккө учуратууга нук алган" батыш мамлекеттери "жардамдашууда".
"Түндүк атлантикалык альянсты жасалма кеңейтип, ага Украинаны тартуу аракеттери токтобой жатат. Кечээ жакында эле НАТО жетекчилиги бир нече билдирүү жасады. АКШ альянска мүчө болбогон скандинавиялык мамлекеттерди да НАТО курамынан көрүүгө куштар экенин айтууда. Ансыз деле кансыз согуштан, Варшава келишими жокко чыгарылгандан кийин маани-маңызын жоготкон структураны жасалма кеңейтүү аракети жүрүп жатат", — деди Лавров.
ТИМ жетекчиси Москва окуянын ар кыл нукта өнүгүүсүнө даяр экенин, РФ сунуштаган демилге боюнча АКШ менен НАТО өлкөлөрүнүн жообун күтүп жатканын белгиледи.
Россия – НАТОнун кеңеши кезектеги саясий туңгуюкка кептейби?