БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылында жергиликтүү өндүрүш жанданып, мык жана шуруп чыгаруучу муниципалдык ишкана курулмакчы. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысына "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун өкүлү Талант Ниязбеков айтып берген.
"Биз жаңычыл долбоорлорго да көңүл буруп жатабыз. Анткени Нарын облусунда чакан орто ишкана, бизнестер абдан аз. Инновациялык жактан алдыга жылып, өндүрүштөрдү көбөйтүү максатында бул чакан ишкананы каржылоого алдык", — деген Ниязбеков.
Айылдагы көп жылдардан бери алгачкы жолу пайда болуп жаткан өндүрүштүк бул ишкананын сметасы 3 миллион 500 миң сомду түзөрүн Миң-Булак айыл аймагынын өкмөт башчысы Курманбек Кудайбергенов маалымдаган.
"Өздүк каражат катары айыл өкмөт 500 миң сом карады, ал эми өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом акча сураганбыз. Буюрса, биз сунуштаган долбоор өтүп, сертификаттарын айдын аягында тапшырып беребиз деп жатышат. Муниципалдык ишкана жылдык көлөмү кеминде 50 тонналык продукт чыгарат. Жабдуулар жана чийки сырьё Россиядан алып келинет. Ал жерде жети киши жумуш менен камсыз болот, анын ичинен экөө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар", — деди Кудайбергенов.
Ал март, апрель айында ишти толугу менен баштоого ниеттенип жаткандыгын кошумчалады.
Жалпысынан алганда, Нарында "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан беш долбоор каржылоого алынган. Алардын бири жогоруда сөз кылган өндүрүш жаатындагы ишкана.
Экинчиси Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагындагы "Кээден" каналын капиталдык оңдоп-түзөө, ушул эле райондогу Эки-Нарын айылындагы таштанды төгүүчү жайды коруу долбоорлору. Нарын шаарындагы №17 "Ынтымак" балдар бакчасынын жылуулук системасын капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүү демилгеси да колдоого алынган. Мындан ары жайылта турган келечектүү иш — Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы Бекмуратов атындагы орто мектебинин алдына күнөскана куруу долбоору болгон. Фонддогулар да бул колдоого ала турган демилге экендигин айтышкан. Ошол жерден өндүрүлгөн продукциялардын бардыгы аталган мектептин тамак-ашына, балдардын витаминдүү азыктануусуна жалпы мектептеги окуучуларга жумшаларын кошумчалашкан.
Каржылоого алынган беш долбоордун жалпы суммасы 8 миллион 645 миң 238,5 сомду түзгөн. Анын ичинен 1 миллион 548 миң 979 сом өздүк салымдар экени айтылды.
Президент Садыр Жапаров былтыр жайында Нарын дубанына иш сапар менен келгенде аталган облусту өнүктүрүү фондуна мындан ары жыл сайын болжолдуу 500 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты которулуп турары айтылган. Мамлекет башчынын бул демилгесин ишке ашыруу тапшырмасынын негизинде Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду кайрадан каттоодон өткөн. 9 адамдан турган Байкоочу кеңешинин курамы бекитилип, фонддун дирекциясы түзүлгөн. 2021-жылдын ноябрь айында министрлер кабинетинин тескемеси менен Нарын облусун өнүктүрүү фондуна 12 миллион сом которулган. Жобого ылайык, түшкөн каражаттын 20 пайызы социалдык долбоорлорго, 50 пайызы киреше алып келе турган экономикалык долбоорлорго, 30 пайызы жеңилдетилген насыяларга жумшалмакчы.