Өкмөт автоунаанын айнегин акча төлөп караңгылатуу долбоорун жактырды

Бул демилге былтыркы жылдын жаз айларында көтөрүлгөн. Башынан эле бюджетке кирешени көбөйтүү максат кылынганы айтылып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүү долбоорун жактырды.
Малыматка караганда, жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин өкмөт тарабынан аныкталат.
Бул демилгени өкмөт былтыркы жылдын жаз айларында көтөрүп чыккан. Маселе 2020-жылы дагы каралган болчу. Башынан эле бюджетке кирешени көбөйтүү максат кылынганы айтылып келет.
Пресс-борбор
Лицензиялоо кирсе кыргызстандык таксисттердин иши кандай өзгөрөт