Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Рахмат! Мекенине Бишкек аркылуу жеткен казак жарандарынын ыраазычылыгы. Видео

Казакстандагы чыр-чатактан Алматы шаарынын аэропорту да жабылып, коңшу мамлекеттин сыртта жүргөн жарандары өз үйүнө жете албай калган. Бул учурда Кыргызстан ажат ачып, ыктыярчылар колдон келген жардамын аяган жок.
Sputnik
Казакстандын чет жакта жүргөн жарандарынын мекенине жете албай жатканын, алардын Бишкек аркылуу кетерин уккан кыргызстандык активисттер алеки саатта Telegram каналында "Бишкек аркылуу үйгө" аттуу тайпа түзө калышкан. Ыктыярчылар "Манас" аэропортунан Казакстанга кантип жетсе болорун, ПЦР-тест боюнча маалыматтарды кайдан табуу керектигин жазып жатышты.
Саналуу күндүн ичинде тайпанын катышуучуларынын саны беш миңге жеткен. Кыргызстанга учуп келген боордошторго консультациялык жардам бергенден тышкары ыктыярчылар аларды кыргыз-казак чек арасына чейин жеткирип турушкан. Бишкекте калгандарын мейманканага жайгаштырып, колунан келген жардамын аяган жок. Кыйын кырдаалда мейманканалар да казак жарандарынан акы алган эмес. Мекенине ыктыярчылардын жардамы менен жеткен Казакстандын жарандары жылуу сөздөрүн айтып, ыраазы болуп кетишкен.
Тема боюнча:
Жакшылык унутулбайт! Кыргыздарга ыраазы болгон казак жарандары
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
Садыр Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү