Өкмөт автоунаа айнегин акча төлөп караңгылатуу маселесине кайра кайрылды

Бул маселе мурдагы жылдары каралган. Анда аткаминерлер мындай жол менен бюджетке түшкөн каражатты көбөйтүүгө болот дешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин акча төлөп караңгылатып жүрүүгө уруксат берүү боюнча маселени алып чыгууда.
Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Өкмөт мындай идеяны өткөн жылдын жаз айында Улукбек Марипов жетекчи болуп турганда да сунуштаган эле. Маселе 2020-жылы эле көтөрүлгөн. Анда аткаминерлер мындай жол менен бюджетке түшкөн каражатты көбөйтүүгө болот дешкен.
Азыркы министрлер кабинети да ушундай негиздемени айтып жатат. Акча төлөп айнекти караңгылатуу сунушталганы менен азырынча анын баасы так аныктала элек.
Өткөн жылдын 11 айында инспекторлор жогорудагыдай багыттагы тартип бузуу боюнча 2559 протокол толтурган.
Бийлик айнекти акча төлөп коюп, караңгылатып жүрүү коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда колдонулары айтылды. Министрлер кабинети билдиргендей, бейрасмий маалыматта өлкөдө 1 миллион 455 миң автокөлүк бар.
Жаңы жыл түнү мас болуп машина айдаган 29 айдоочу кармалды. Рейтинг