Жалал-Абад облустук ооруканасына ууруга кирген үч киши кармалды. Сүрөт

Шектүүлөр 7-январга караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин бузуп кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ооруканасына уурулукка кирген үч киши кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат
Ага ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараев арыз менен кайрылган.
"Ал 7-январга караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз адамдар бузуп кирип, бөлмөдөн төрт ноутбук, бир термос, ошондой эле сейфтин ичинде турган 15 автоунаанын документин, 4670 литр бензиндин жана 2330 литр солярканын талондору уурдалганын билдирген", — деп билдирди милиция.
Натыйжада облустук оорукана ири өлчөмдө материалдык зыянга учураган.
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин ("Уурдоо") негизинде катталып, иш козголгон.
Жалал-Абад облустук жана Жалал-Абад шаардык криминалдык милиция кызматынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 34, 32 жана 31 жаштагы үч киши кармалган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Каракталган 114 миң доллар жоголду. Кара-Суудагы күйгөн унаанын чоо-жайы