Улуттук банк 70,1 млн. доллар сатып, жылдын алгачкы интервенциясын жасады

Бул башкы банктын 2022-жылдагы алгачкы интервенциясы. Ошондой эле өлкө тарыхындагы эң ирилеринин бири болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы 12-январда валюта рыногуна 70, 1 миллион доллар сатканын кабарлады.
Бул башкы банктын 2022-жылдагы алгачкы интервенциясы. Ошондой эле өлкө тарыхындагы эң ирилеринин бири болуп саналат. Улуттук банк былтыркы жылы мындан көбүрөөк акча саткан. Алсак, 23-ноябрда (70,3 миллион доллар) жана 7-декабрда (71,3 миллион доллар) каражат рынокко чыккан.
Эске салсак, былтыр Улуттук банк 15 ирет интервенция жүргүзүп, жалпы жонунан 698 миллион 950 миң доллар сатылган. Мындан тышкары, Улуттук банк накталай 38 миллион доллар саткан (24-ноябрдын маалыматы).
Valuta.kg порталында жазылгандай, шаршембинин таңына салыштырмалуу банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу үч тыйынга арзандап 84,72 сомду түздү, ал эми сатуу мурдагыдай эле 84,9 сомдун чегинде.
Улуттук банк валюта рыногунда олку-солку абалды жөнгө салып, сомду колдоо үчүн интервенция жасап турат. Бул үчүн алтын-валюталык запас колдонулат. Резервде ондогон валюта, SDR (Эл аралык валюта фондунун төлөм каражаты) жана алтын куймалар бар.
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт. Суммасы
Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички бересеси көбөйдү. Сумма