БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуучулардын Таластагы "Манас Ордо" комплексине жасай турчу милдеттүү экскурсиясы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине түшүндүрмө берди.
Эске салсак, Байсалов учурда Талас облусунда иш сапары менен жүрөт. Ал кечээ, 12-январда, Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакын арада республиканын булуң-бурчунан "Манас Ордого" мектеп окуучулары милдеттүү түрдө экскурсияга келерин айтып, аларды кабыл алуу үчүн 200 орундуу мейманкана курууга киришүү зарылдыгын белгилеген.
Мындай билдирүүдөн кийин соцтармак колдонуучуларынын көбү экскурсия милдетүү түрдө болсо жол киресин ким каржылап, коопсуздук маселеси кандай болорун сурап жазышкан.
Министрлер кабинетинин орун басары экскурсияны баштоо үчүн окуучулар бара турчу жерге алгач шарт түзүү керектигин айтып, калган программаны адистер иштеп чыгарын белгиледи.
"Мейманкана Таласта болобу же башка жакта болобу, ойлонуп жатабыз. "Манас таануу" сабагынын алкагында балдарга тарыхый жерлерди көрсөтүп, өлкөнүн ар кайсы аймагындагы окуучуларды Таласка, "Манас Ордо" комплексине экскурсияга алып баруу демилгесин азыр эле көтөрө калган жокпуз. Буга чейин деле аракет кылышкан. Балдар тарыхый жерди көрүүгө келиш үчүн алгач лагерь же мейманкана салып, аларга шарт түзүү зарыл. Негизинен мындай программа болот. Адистер аны толук иштеп чыккан соң ушул жылдын күз мезгилинен тарта мектептерге, окуучу, мугалим, жетекчилерге сунушталат. Майда-чүйдөсүн адистер ойлонуп чыгат", — деди Байсалов.
Аткаминер "экскурсия милдеттүү болобу?" деген суроого так жооп берген жок. Ал экскурсияны мамлекет уюштуруп, бардык шартты мамлекет түзүп берерин кошумчалады.