Кыргызстанда вакцинанын үчүнчү дозасын алуунун аралыгы кыскарды

Мындай чечим Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстанда COVID инфекциясына каршы вакцинанын экинчи жана үчүнчү дозасын алуунун аралыгы кыскартылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо сактоо министрлиги кабарлады.
"Эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына каршы бустердик (вакцинанын 3-дозасы) дозаны вакцинанын 2-дозасынан кийин төрт айдан соң ала алышат. Мурда бул аралык 6 ай болчу", — деп жазылган маалыматта.
Мындай чечим Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу кабыл алынган.
"Вакцинанын бустердик дозасын 2021-жылдын 20-декабрында киргизишкен. Жаңы жыл майрамынан кийин эпидемиологиялык абалдын начарлашы байкалууда. Буга байланыштуу биз жашы 60тан өткөн жарандарды, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин бустердик дозаны алууга чакырабыз", — деген Иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.
Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө.12-январда өлкөдө биринчи жолу вирустун "омикрон" штаммы катталды.
Коронавирустун белгилери байкалганда жашаган жер боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылуу кажет. Ошондой эле 118 түз байланыш номерине чалууга болот.
Министрлик Бишкек "кызыл" зонада экенин айтып, чектөө чараларын сунуштады
Кыргызстанда катталган "омикрон" штаммынын "дельтадан" айырмасы кандай