Кыргызстанда окуучулар арасында беш предмет боюнча олимпиада өтөт. Убактысы

Олимпиаданын биринчи этабына жалпы билим берүү уюмдарында окуган бардык окуучулар катыша алары айтылды. Аларга бир нече предметтен олимпиадага катышуу укугу берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 15-январда Кыргызстанда математика, физика, биология, химия жана информатика сабактары боюнча улуттук олимпиада башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, билим берүү жаатындагы иш-чара өлкөдө командаларды түзүп, аларды аталган беш предмет боюнча эл аралык олимпиадаларга даярдоо максатында өткөрүлмөкчү.
"Жарыш жыл сайын төрт этапта уюштурулуп келет. I этап январда, экинчиси февралда өтүп, экөө тең онлайн болот. Ал эми март менен апрелде өтчү эки этап кадимки тартипте уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.
Олимпиаданын I этабы онлайн-режимде төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:
Химия боюнча – 15-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 16-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин);
Физика боюнча – 22-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 23-январь (саат 14:00дөн 17:00гө чейин);
Информатика боюнча – 22-январь (саат 14:00дөн 18:00гө чейин), 23-январь (саат 09:00дөн 13:00гө чейин);
Математика боюнча – 29-январь (саат 14:00дөн 18:00гө чейин), 30-январь (саат 09:00дөн 13:00гө чейин);
Биология боюнча – 29-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 30-январь (саат 14:00дөн 17:00гө чейин).
Олимпиаданын 1-этабына жалпы билим берүү уюмдарында окуган бардык окуучулар катыша алары айтылды. Аларга бир нече предметтен катышуу укугу берилген.
Олимпиада тууралуу толугураак маалыматты төмөндөгү расмий сайттардан алууга болот:
физика;
химия;
математика;
информатика;
биология.
Кыргызстандык балдар Македония олимпиадасында 9 медаль утту