БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагы аркылуу жүк ташуу тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 13-январда, саат 18:00дөн тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагынан оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандын "Ак тилек", "Чалдыбар" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайларынан өтө алышат.
Ал эми жогоруда аталган көзөмөл бекеттеринен жарандардын өтүүсүнө төмөнкүдөй чектөөлөр коюлган:
1.
Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;2.
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыгып кете алышат;3.
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу Казакстанга кире алышат.4.
Кыргызстандын "Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иш алып барууда:5.
Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;6.
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана "Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.