Колдооңуздарды сездим. "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү Волкодав Бишкекте. Сүрөт

Ырчыны "Манас" эл аралык аба майданынан маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков, туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бүгүн, 13-январда, Россиянын "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав Бишкекке келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 3

Бүгүн, 13-январда, Россиянын "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав Бишкекке келди

2 / 3

Аны "Манас" эл аралык аба майданынан министрдин орун басары Союзбек Надырбеков, Александрдын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алган

3 / 3

Ырчы күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, келечектеги пландары менен кыскача ой бөлүшкөн.

Аны "Манас" эл аралык аба майданынан министрдин орун басары Союзбек Надырбеков, Александрдын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алган.
Ырчы күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, келечектеги пландары менен кыскача ой бөлүшкөн.

"Голос" долбооруна катышып жатканда колдооңуздарды жана мен үчүн жан үрөгөн күйөрмандарым бар экенин сезип турдум. Бардыгыңыздарга ыраазычылык! Ийгиликке жетсе болот, эң башкысы өзүңө ишенүү керек. Мен кайда болсом да өз туулган жеримди жана ата мекенимди унутпайм. Жеңиштин даамын сезип, аны менен бөлүшүп, күч кубат алуу үчүн Кыргызстанга келдим. Себеби мындай мүмкүнчүлүк буга чейин болгон эмес", — деген Волкодав.

Ырчы мындан ары чыгармачылыктын үстүндө талыкпай иштей турганын кошумчалаган.
Өз кезегинде Союзбек Надырбеков ырчыны жакынкы убакта министр Азамат Жаманкулов кабыл ала турганын белгилеп, анын чыгармачылыгы Маданият министрлиги тарабынан колдоого алына турганын билдирген.
Ошондой эле ырчыны Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кабыл алып, чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.
Ошондой эле ырчыны Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кабыл алып, чыгармачылык ийгиликтерди каалаган
Эске салсак, 32 жаштагы кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиянын "Голос" теледолбоорунда жеңүүчү болгон. Ал башкы таймашта казакстандык Алишер Каримов, Ернар Садирбаев жана россиялык Элина Панды артта калтырган.
Садыр Жапаров Александр Волкодавды куттуктады