Бишкекте мектептер онлайн окутууга өтөбү? Вице-мэрдин жообу

Өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталды. Акыркы суткада инфекцияны 742 киши жуктурса, анын 632си Бишкекте катталды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша чечиле турганын Sputnik агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.
Ал Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын отуруму күтүлүп жатканын айтты.
Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева

"Отурумда Саламаттык сактоо министрлиги өз сунуштарын киргизсе керек. Азыр биз массалык иш-чараларды уюштурбай, жыйындарды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Мектептердеги эпидемиологиялык кырдаалга көз салып жатабыз. Бүгүн-эртең байкаштырабыз, ооругандар көп болсо чара көрөбүз", — деди Мозгачева.

Өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталды. Акыркы суткада инфекцияны 742 киши жуктурса, анын 632си Бишкекте катталды.
COVID үч бейтаптын өмүрүн алып, 742 кишиден табылды. Соңку маалымат
Министрлик Бишкек "кызыл" зонада экенин айтып, чектөө чараларын сунуштады