БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаада коронавирусту алдын алуу жана күрөшүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын айтты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 742 киши жуктурду. Анын 632си Бишкекте катталып, үч адам көз жумган.
Муниципалитет белгилегендей, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 12 бригадалык топ иш алып барууда. Зарылчылыкка жараша дагы көбөйтүлмөкчү.
Саламаттык сактоо министрлиги "омикрон" штаммы оор абалга жеткирбегени менен бат тарай турганын, вакцина оорудан коргоп же жеңил өткөргөнгө жардам берерин эске салган.
Шаардыктар Sinopharm, AstraZeneca, Moderna, Pfizer жана "Спутник Лайт" вакциналарын 81 жердеги эмдөө пунктуларынан ала алат. Даректери менен мэрия социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Мэрия медициналык мекемелерде орундар жетиштүү экенин белгилөөдө. Оорунун белгилери байкалганда обочолонуп, үй-бүлөлүк дарыгерге же 118 номерине чалуу керек.
Ошондой эле ооруп жаткан балдарды бала бакчага жана мектепке жибербей туруу сунушталды.
Шаар бийлиги жалпысынан бет кап тагынып, антисептик колдонууга, аралыкты сактоого, колду самын менен таза жууп турууга, вакцина алууга жана оорудан сактануунун башка чараларын көрүүгө чакырды.