Беш манжаңызды оозуңузга салып отуруп какап каласыз. Икрамов Төрөбаевди сындады

Депутат кесиптеши жыйынды туура эмес алып барып жатканын айтып, нааразы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жалпы парламенттик комитеттин төрагалыгын аркалап жаткан кесиптеши Бакыт Төрөбаевди сындады.
Икрамов парламенттин структурасы каралып жатканда Төрөбаев туура эмес алып барып жатканын айтып, нааразы болду.
"Сиз эл шайлаган депутаттардын үнүн укпай, көпчүлүккө салып добуш деп жатасыз. Ачык эле айтып коёюн, акыйкатсыз алып барып жатасыз. Буга чейин жең ичинен сүйлөшүү болуп, көп нерсени өзүңөр бекитип алыпсыздар. Муну менен сиз туура эмес жакка баратканыңызды көрсөтүп жатасыз. Мындай кетиште парламент жакшы нукка бурулбайт. Буга чейин да айткам, дагы айтып кетейин. Сиз беш манжаңызды оозуңузга салып отуруп, бир күнү какап каласыз", — деди Икрамов.
Буга Төрөбаев "какайбызбы-какабайбызбы аны сиз билбейсиз, айта албайсыз" деп жооп берди. Ал эми парламентте айтылган сындарга капа болбой турганын белгиледи.
Жогорку Кеңеште үч вице-спикерлик кызмат, 8 тармактык комитет түзүлдү