Балык сатып аларда көзүн кароо зарыл, анын көзүнүн кареги тунук болушу керек. Бозомтук болсо, демек, балык эскирип калган дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле балыктын эскиргенин анын боорундагы канаттарынан да байкаса болот. Бул тууралуу Үмүт Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, консерва тандоодо анын таңгагынын бүтүндүгүнө көңүл буруу зарыл.
"Тамак-аш коопсуздугунда алгач эле аны сатып алууда көңүл буруучу жагдайлар бар. Мисалы, чыккан мөөнөтү, сакталып турган жери, кошулмалары абдан маанилүү. Ошону менен катар эле таңгагы түз, эч жери чийилбеген, кыйшайбай, мырыйбай турушу шарт. Адатта сатып алуучулар мөөнөтүнө эле көңүл буруп, таңгактагы анча-мынча деффектилерге маани беришпейт. Бирок ошол мырыйган жеринен кичинекей жарака кетип деле зыяндуу заттар кирип калышы толук ыктымал. Мындан сырткары, балык алууда өтө этият болуу керек. Ал абдан тез бузулуучу азык. Балыкты колдон келсе көчөдөн эмес, ишеничтүү гана дүкөндөрдөн алган жакшы. Сатып алып жатканда тиешелүү документтерин суроодон тартынбаңыз. Жок дегенде анын көзүнүн карегин карап, бозомтук тартып турса албай эле койгон оң. Анткени мындай балык көпкө сакталып, эскирип калганын билдирет", — деди Сатыбалдиева.
Ал ошондой эле азык-түлүк сатып алып жатканда анын калориясына көңүл буруп коюу керектигин да кошумчалады.