1-январдан тарта жөлөк пул 100 пайызга көбөйдү. Ким канча ала баштайт?

Майыптыгы бар, ата-энесинен ажыраган балдардын жөлөк пулу быйыл 2-3 эсеге көбөйтүлгөнү айтылды. Маселен, томолой жетим балдарга 6 000 сомдон төлөнө баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-январынан тарта жөлөк пул 100 пайызга көбөйгөнүн белгилеп, эми ким канча сомдон ала баштай турганын Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрүп берди.
"Мисалы, ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, майыптыгы бар балдарга жана чоңдорго төлөнчү жөлөк пул 2021-жылдын 1-октябрынан тарта 4 000 сомдон 6 000 сомго чейин көтөрүлгөн. 2022-жылдын 1-январынан тарта бул каражаттын көлөмү 8 000 сомду түзөт", — деди Жапаров.
1-январдан тарта ким канча сомдон жөлөк пул ала баштайт?
ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар, 1-топтогу майыптыгы барлар — 8 000 сом;
кичинесинен майыптыгы бар II топтогулар — 6 600 сом;
III топтогу майыптыгы барлар — 5 400 сом;
ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган балдар — 2000 сом;
Томолой жетим жана ата-энеси дайынсыз балдардын жөлөк пулу үч эсеге көтөрүлүп, эми алар 6 000 сомдон ала башташат.
Бийлик былтыр бюджеттен кошумча 19,5 млрд. сом сарптаган. Акча кайда жумшалган?