"Манас таануу" таймашы быйыл Өзбекстанда да өтөт. XI сезону башталды

Таймашка жылына 13 миңден ашуун мектеп окуучусу, 3 миңдей студент, бала бакчанын миңдей тарбиялануучусу катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Манас таануу" интеллектуалдык телетаймашынын 11-сезону башталганын берүүнүн башкы редактору, манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.
Анын айтымында, алгач 44 район, 30 шаар арасында тандоо турлары өтөт.
"Тандоо турларын өткөрүү үчүн уюштуруу тобу 40 күнгө иш сапарга даярдык көрүп жатат. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү — таймаш Өзбекстан Республикасында да кулачын жайып, февраль айында Жызак, Ташкент облустарында болот", — деди Талантбеков.
Таймашка жылына 13 миңден ашуун мектеп окуучусу, 3 миңдей студент, бала бакчанын миңдей тарбиялануучусу катышат.
"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы республиканын булуң-бурчунда өткөрүлүп келет. Максаты — кыргыз тилин өнүктүрүү, "Манас" эпосун өспүрүмдөр арасында кеңири жайылтуу. Мындан тышкары, балдардын патриоттуулук сезимин ойготуу, тапкычтыкка, көрөгөчтүккө тарбиялоо болуп саналат.
"Эр Төштүк" эпосу англис тилине ыр түрүндө которулду