Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

13-январдан тарта Казакстандын бир катар аймагында өзгөчө абал режими алынат

Аталган документке президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 13-январдан тарта Казакстандын Батыш Казакстан, Павлодар жана Чыгыш Казакстан облустарында өзгөчө абал режими алынат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, аталган документке президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
"Документке ылайык, 13-январь күнү саат 7:00дөн тарта Казакстандын Батыш Казакстан, Павлодар жана Чыгыш Казакстан облустарында өзгөчө абал режими алынат", — деп жазылат маалыматта.
Коңшу мамлекеттеги башаламандыктан улам президенттин жарлыгы менен өлкөнүн бир нече шаар, аймактарына өзгөчө абал режими киргизилген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев Улуттук коопсуздук комитети эмнеден жазганын ачыктады
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда