2021-жылы дүйнөдө азык-түлүк канчага кымбаттады. БУУнун эсептөөсү

Өткөн жылы негизги айыл чарба азыктарынын бардыгынын наркы жогорулаган. Болгону күрүч арзандаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 2021-жылы азык-түлүккө карата дүйнөлүк баа 28,1 пайызга өсүп, ал соңку жылдардагы эң ири кымбаттоо болуп калды. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму жазды.
Негизги айыл чарба азыктарынын бардыгынын наркы жогорулаган.
Бир жылда дан өсүмдүктөрүнүн баасы 27,2 пайызга өскөн. Бул 2012-жылдан бери рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Ошондой эле жүгөрү (44,1) менен буудай (31,3) да кымбаттаган. Тек гана күрүч 4 пайызга арзандай түшкөн.
Мындан өсүмдүк майы менен кумшекердин наркы кескин жогорулаганын байкоого болот. Майдыкы рекорддук 65,8 пайызга, канттыкы 2016-жылдан бери 37,5 пайызга көтөрүлгөн. Сүт азыктарынын наркы 16,9 пайызга, эт азыктарыныкы 12,7 пайызга жогорулаган. Эң ириде кой, уй жана тоок эти кымбат сатылган.
Батыш Европа өлкөлөрү сырды көп өндүргөндүктөн арзаныраак болгону белгиленет.
Эксперттер баа коронавирустун кесепетинен, өндүрүүчүлөр үчүн жалпы чыгымдын жогорулашынан, ошондой эле буудайдын түшүмүнүн аздыгы жана сатып алуулардан улам өскөнүн кошумчалаган.
Путин: азык-түлүккө болгон кризис дүйнөдө мындан ары да курчушу мүмкүн
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстанда Казакстандан алынчу азык-түлүктүн запасы кандай? Сереп