Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматы аэропорту 14-январда ачылары күтүлүп жатат

Буга чейин Алматыдагы аэропорт белгисиз мөөнөткө жабылган. Андан мурда 10-январда ачылары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Казакстандын Алматы эл аралык аэропорту 14-январда ачылары күтүлүп жатат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.
Компаниянын маалымат кызматынын өкүлү так маалымат кийинчерээк берилерин убадалаган.
Буга чейин Алматыдагы аэропорт белгисиз мөөнөткө жабылган. Андан мурда 10-январда ачылары айтылган.
Казакстанда башаламандык маалында нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аэропортун басып алган. Кийин ЖККУ линиясы боюнча тынчтык орнотуучу күчтөр аба майданын көзөмөлгө алган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев: эки күндөн кийин ЖККУнун аскерлери Казакстандан чыга баштайт