Бийлик кассалык аппарат боюнча шарттарды ишкерлер менен чогуу иштеп чыкмай болду

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик органдар менен ишкерлерден турган жумушчу топ түзүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Дордой" соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугуп, контролдук-кассалык аппараттар боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Дордой" соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугуп, контролдук-кассалык аппараттар боюнча сүйлөштү

2 / 3

Жапаров контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөнүн белгилеген

3 / 3

Жапаров өкмөт жаңы салык киргизбегенин айтып, муну менен катар товар жүгүртүү 8 миллион сомго жетпесе, ишкер салык төлөөдөн бошотулат деген ченемди эске салган

Жапаров контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөнүн белгилеген.
"Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз. Эсеп бардык жерде болушу керек. Бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга жардам берет", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
Жапаров өкмөт жаңы салык киргизбегенин айтып, муну менен катар товар жүгүртүү 8 миллион сомго жетпесе, ишкер салык төлөөдөн бошотулат деген ченемди эске салган.
"Фискалдаштыруу менен санариптештирүүнү өлкө ичиндеги, анын аймагынан тышкаркы товарларды эсепке алуу жана анын кыймылын көзөмөлдөө үчүн киргизип жатабыз. Бул биздин жеке каалообуз эмес, бул рыноктун жана замандын талабы. Диалогго даярбыз. Силер да, биз үчүн да ыңгайлуу алгоритмге келели", — деген ал.
Ишкерлер маалыматтык түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөнүнө макул болуп, контролдук-кассалык аппараттарды киргизүүдө сатылчу товардын өзгөчөлүгүнөн алынуучу маржаны эске алуу зарылдыгын белгилешкен.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле "Дордой" соода-рынок комплексинин ишкерлеринен турган жумушчу топту түзүү боюнча бир пикирге келишкен. Алар чакан бизнес үчүн контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн шарттарын биргелешип иштеп чыгышат.
Буга чейин Жаңы салык кодексинин долбоору кабыл алынган. Ага ылайык, "Дордой" сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилет. Буга соодагерлер каршы болуп бир нече ирет митингге чыгышкан.
ККМ аппаратынын баасы канча, каяктан бекер алса болот? Шарты
Бийлик былтыр бюджеттен кошумча 19,5 млрд. сом сарптаган. Акча кайда жумшалган?