Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Токаев: эки күндөн кийин ЖККУнун аскерлери Казакстандан чыга баштайт

Мамлекет башчы атайын операцияларды Казакстандын күч түзүмдөрү гана жүргүзүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрү эки күндөн кийин Казакстандан чыга баштайт. Бул туурасында президент Касым-Жомарт Токаев парламенттин жыйынында жасаган билдирүүсүндө маалымдады.
"ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы ийгиликтүү аяктады. Эки күндөн кийин тынчтык орнотуучулар этап-этабы менен өлкөдөн чыгып кете баштайт. Контингентти чыгарып кетүү процесси 10 күндөн ашпайт", — деди Токаев.
Ошондой эле ал атайын операцияларды Казакстандын күч түзүмдөрү гана жүргүзүп жатканын белгилеп, ЖККУнун аскер күчтөрү стратегиялык аймактарды кайтарууга гана келгенин айтты.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстанда Казакстандан алынчу азык-түлүктүн запасы кандай? Сереп