Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчыларына кайрылды

2022-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан ЕАЭБдин органдарында төрагалык кылууну колго алган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдигинин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөндүгүнө байланыштуу биримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуу жасады. Анын тексти президенттин сайтына жарыяланды.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешине төрагалык кылат.
Кайрылууда президент келишимде бекитилген "төрт эркиндик" принцибин камсыз кылуу керектигин белгилеген.
Мындан сырткары, Жапаров Евразия экономикалык биримдигинин сот тармагына тиешелүү статус жана комиссиянын коллегиясына кошумча ыйгарым укуктарды берүү сыяктуу бир топ сунуштарды берген.
Ошондой эле ЕАЭБдин жаштар форумун түзүү жана аны жыл сайын өткөрүү сунуштала турганын айткан. Ал 2022-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын ишин баштаганына 10 жыл толгонун, бул бирикменин өзүн жана идеяларын жайылтууга түрткү болгон маанилүү окуя экенин белгилеген. Буга байланыштуу бардык мүчө мамлекеттерде ири маалыматтык кампанияларды жана иш-чараларды өткөрүү сунушталып жатат.
Президент Кыргызстан биримдиктин идеяларын, максаттарын жана принциптерин сактоо менен мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн бардык аракетин жумшай турганын да белгилеген.
Жапаровдун кайрылуусунун толук тексти менен президенттин расмий сайтынан таанышууга болот.
Кыргызстандын демилгеси менен ЕАЭБде энергетика министрлеринин кеңеши түзүлөт