БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев башаламандык учурунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) бир катар жетекчилери качып кеткенин билдирди.
Мамлекет башчы башка органдар өз ишин берилүү менен так аткарганын белгилеп, бирок УККнын кызматкерлери жаза басканын айтты.
"Оор күндөр артта калды. Мен ИИМдин эрдик көрсөткөн каармандарын белгилегим келет. Мисалы, Алматыда полициянын аз гана тобу эки түн бою Полиция депаратаментин басып алууга аракет кылган бандиттердин мизин кайтарып турду. Кырдаал курчуган маалда Коргонуу министрлигинин жана Мамлекеттик күзөт кызматынын жоокерлери өз ишин татыктуу аткарышты. Бирок баары эле милдеттерин кынтыксыз аткара алган жок. Бир катар шаарларда Улуттук коопсуздук комитетинин департаменттеринин жетекчилери жетиштүү согуштук арсеналы бар экенине карабай кагылышууга каршы турган жок. Имараттарды таштай качып, куралдарды жана жашыруун документтерди кароосуз калтырып кетишкен", — деди Токаев.
Ошондой эле ал мамлекеттин бүтүндүгүнө бүлүк салууга камынып жаткан топторду ооздуктабай койгонун белгиледи.
"Бул (башаламандыктар — ред.) бир нече жылдар бою пландалып келген зулумдуктун көрсөткүчү. Нааразычылык акциялары профессионалдык түрдө иштелип чыккан сценарий менен жасалды. Радикалдуу чаралар конспиративдик түрдө жүргүзүлүп турган. Улуттук коопсуздук комитети мындай бүлүндүрүү иштерине так баасын бере алган жок, баа бергиси да келген эмес. Улуттук коопсуздукка жаралып жаткан коркунучтарды карабай койгон", — деди Казакстандын президенти.
Аны менен катар Токаев чабуул жасачу топтор ыңгайлуу учурду гана күтүп отурушканын айтып, элдин автогазга болгон нааразычылыгын инструмент караты колдонуп кеткенин билдирди.
Белгилей кетсек, коңшу өлкөдөгү башаламандыктардан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Карим Масимов кызматтан алынып, көп өтпөй кармалган. Ал мамлекетке чыккынчылык кылды деп шектелүүдө. Комитет төрагасынын орун басарлары Марат Осипов менен Даулет Ергожин да ээлеген ордунан бошотулган.