"Тазалык" кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо үчүн чара көрөт

Мэрия автоунаа айдоочуларын жолдо ылдамдык режимин сактоого, "Тазалыктын" кызматкерлери иштеп жаткан аймактан кылдат өтүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардык кызматта иштегендердин коопсуздугун сактоо үчүн чара көрүп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, көчө шыпыргычтардын, жүк ташуучулардын жана айдоочулардын жарык чагылдырган атайын кызматтык кийими жаңыртылды. Жолдун жээгин тазалаган техника алуу маселеси дагы каралууда.
"Көчө шыпыргычтарды унаа коюп кетпеши үчүн эскертүүчү белгилердин коюлушуна көзөмөл күчөтүлдү. Келечекте жарык чагылдырган конус формасындагы жол белгилери сатып алынат. Алар тазалоо иштери жүрүп жаткан жерлерге коюлат", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия автоунаа айдоочуларын жолдо ылдамдык режимин сактоого, "Тазалыктын" кызматкерлери иштеп жаткан аймактан кылдат өтүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, узаган жылдын 12-декабрында 47 жаштагы, андан алты күн өткөндөн кийин 61 жаштагы киши көчө шыпырып иштеп жүргөн жеринен набыт болгон. Ал эми 4-январда "Тазалыктын" дагы бир 35 жаштагы кызматкери көз жумган. Үчөөнү тең автоунаа коюп кеткен.
Бир айга жетпей 3-каргаша. "Тазалыктын" кызматкерин унаа коюп кетип көз жумду