Кыргызстанда запаста канча жер бар жана аны ким колдоно алат? Түшүндүрмө

Өлкөнүн жалпы аянты 19 994,9 чарчы чакырым. Басымдуу бөлүгүн запастагы жерлер ээлеп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2021-жылга карата Кыргызстандын жер аянты канча экенин жана алар кандай максаттарда пайдаланыларын көрсөтүп берди.
Өлкөнүн жалпы аянты 19 994,9 чарчы чакырым. Анын ичинен:
запастагы жерлер — 41,2 пайыз;
айыл чарба багытындагы жерлер — 33,8 пайыз;
токой фондундагы жерлер — 12,7 пайыз;
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары — 5,9 пайыз;
суу фондунун жерлери — 3,8 пайыз;
калктуу пунктулар — 1,4 пайыз;
өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоонун жерлери — 1,2 пайыз.
Маалыматка караганда, акыркы беш жылда жер аянттары боюнча олуттуу өзгөрүү болгон эмес.
Тизмеде көрүнүп тургандай, өлкөдөгү жерлердин 40 пайыздан ашыгы запастагы жер болуп эсептелет. Улуттук статистика комитетинен түшүндүрүшкөндөй, бул аянт мамлекеттин менчиги жана кимдир бирөөгө пайдаланууга берилбейт.
Бишкек мэриясы жерге техпаспорт убада кылган алдамчылар боюнча эскертти