Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк чыгарылды

Жазасын өтөп өз мамлекетине кеткендердин бардыгы Орто Азиянын жарандары. Алсак, 13ү тажикстандык, төртөө казакстандык жана экөө өзбекстандык.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 2021-жылдын ичинде Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк жаран мамлекеттин аймагынан чыгарылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, чет элдиктерди министрликтин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана анын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү сот өкүмүнүн аткарылышы менен өлкөдөн чыгарган.
Арасында жасалма документтерди колдонгондор, мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөр жана баңгизатка байланышкан кылмышка аралашкандар бар.
Жазасын өтөп өз мамлекетине чыгарылгандардын бардыгы Орто Азиянын жарандары. Алсак, 13ү тажикстандык, төртөө казакстандык жана экөө өзбекстандык.
Киши өлтүрүү, тоноо, алдамчылык. Чет өлкөлүктөр жасаган кылмыштар көбөйдү