Эми айдоочулук күбөлүктү Кыргызстандын бардык дипөкүлчүлүктөрүнөн жаңыртса болот

Бүгүнкү күнгө чейин айдоочулук күбөлүктү Кыргызстандын аймагында гана алмаштырууга мүмкүн болуп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 17-январынан тарта чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн жаңырта алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бул консулдук кызмат президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январында кол койгон тийиштүү жарлыгын аткаруунун алкагында ишке ашканы белгиленди.
"Бүгүнкү күнгө чейин айдоочулук күбөлүктү Кыргызстандын аймагында гана алмаштырууга мүмкүн болуп келген", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочулук күбөлүктү төмөнкү учурларда жаңыртса болот:
1.
Айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү бүтүп калса;
2.
Айдоочунун жеке маалыматтары өзгөргөн учурда;
3.
Документтин сапаты начарлап, колдонууга мүмкүн болбой калса;
4.
Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда.
Дагы кымбаттады! Автоунаа базарындагы баа кандай өзгөрдү