Улуттук банктын адиси каржы пирамидасынын тузагынан сактануу жолдорун айтты

Адис каржы пирамидалары көпчүлүк учурда лицензиясын жасалмалай турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Улуттук банктын банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Абдраимов күмөндүү уюмдарга акча салып жатканда эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан радиосуна маек курган. Адис биринчи кезекте финансы компаниясынын аныктыгын жана мыйзамдуу иштеп жатканын текшерүү керектигин белгиледи.
"Эгер досторуңуз же жакындарыңыз бир компанияга иштөөгө чакырып, ал жакка белгилүү бир суммада акча салууга үндөсө жети өлчөп бир кесүү керек. "Макул" менен "каршы" деген ойду таразалап, кайдан чыккан компания, өлкөдө жана башка мамлекеттерде канчадан бери иштеп жатканын караңыз. Интернетте компания тууралуу жазылган пикирлерди окуп, ал маалыматтарды дагы бир ирет текшериңиз", — деди адис.
Мындан сырткары, Абдраимов каржы пирамидаларынын башчылары көпчүлүк учурда документтерди жасалмалай турганын эскертти.
"Каржы пирамидасынын жетекчиси Улуттук банктан алган лицензиясын көрсөткөнүн айтып, документтин аныктыгын текшерүү үчүн бизге кайрылган учурлар болот. Лицензиянын аныктыгын Улуттук банктын расмий сайты аркылуу билип алуу мүмкүн. Келишим түзөрдө юристтен кеңеш алыш керек", — деди адис.
Ошондой эле ал эгер такыр мүмкүн болбой жатса, башкы банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнө кайрылып, суроолорго жооп алууну сунуштады.
Иши жок калдыңызбы? Пассивдүү киреше ушундай маалда зарыл