Лифт кыпчып каза болгон жаран. Окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлдү

Комиссия иликтөө жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын эске алуу менен эксперттик корутунду даярдайт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектеги Улан-1 кичи районунда лифт кыпчып калып каза болгон жаран боюнча окуяны иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык тууралуу кабар түшөрү менен жерине "Бишкекшаарлифт" ишканасынын жетекчилери жана Энергетика министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик экологиялык инспекциянын өкүлү барган.
"Алар келгенге чейин лифт-оператору инструкцияга ылайык, лифттин тогун өчүрүп, жабырлануучуну эвакуациялоо үчүн электромеханикти чакырган", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыкты иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын курамына "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын, Октябрь акимиатынын, Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын, РИИБдин өкүлдөрү кирди. Алар окуя болгон жерге иликтөө жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын эске алуу менен эксперттик корутунду даярдайт.
Укук коргоо органдары да иликтөө жүргүзмөкчү.
Эске салсак, бүгүн, 11-январда, 38 жаштагы киши коляскадагы баласы менен кирип жаткан учурда лифт өз алдынча иштеп кетип жаранды кыпчып калган. Ал ошол жерден жан берген. Ал эми ымыркай жабыркаган эмес.
"Тазалык" кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо үчүн чара көрөт