Бишкектин чок ортосунда эркек кишинин сөөгү табылды

Эркек кишинин өздүгү такталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 11-январда, саат 15:50 чамасында 102 кызматына билдирүү түшүп, Киев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишинин сөөгү жатканы тууралуу кабарланган.
Милиционерлер анын өздүгүн тактаган. Көз жумган киши 1966-жылы туулган Ы. Н. экени белгилүү болгон. Анын денесинде кыйнап өлтүрүүнүн белгилери байкалган эмес.
Аталган факты Ленин РИИБдин автоматташтырылган маалыматтык журналына каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Бишкекте 38 жаштагы кишини лифт кыпчып калып каза болду. Сүрөт