Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ТИМ: Алматыда 4 кыргызстандык абактан бошотулуп, 150 адам эвакуацияланат

ТИМ казак тарап менен кыргыз жарандарын бошотуу тууралуу макулдашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстанда кармалган Закир Юбуров жана башка дагы үч кыргызстандык бошотулат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Казак тарап менен мурда кармалган З.Юбуров, А. Хуров, А.Р. Джишанло, И. Мачо аттуу Кыргызстандын жарандарын абактан бошотуу макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Алматыдан 150 кыргызстандык эвакуацияланары белгиленди. Анын ичинде улгайган адамдар, жаш балдар жана студенттер бар. Мекендештер "Ак-Жол" чек ара постуна чейин Башкы консулдук тарабынан уюштурулган транспорт, андан бери Бишкек мэриясынын автобустары менен алып келинери айтылды.
Аны менен катар ТИМ башаламандык маалында каза болгон кыргызстандык Азиз Мусаевдин апасын Алматыга киргизүүгө уруксат алуу маселеси иштелип жатканын билдирди. Себеби кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөргө ылайык, ал коңшу өлкөгө кире албай жаткан.
Министрлик Казакстандагы мекендештерди өлкө мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, саясий окуяларга катышпоого, эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырат.
Белгилей кетсек, кечээ, 10-январда, Тышкы иштер министрлиги Алматыда кармалган кыргыз жарандарын бошотуу талабы менен Казакстанга дагы бир нота жиберген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жалган сүйлөсөң Бишкекке жөнөтөбүз дешти. Рузахунов окуянын чоо-жайын айтты
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыдагы башаламандыкта дагы бир кыргызстандык каза болду