Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыдагы башаламандыкта дагы бир кыргызстандык каза болду

Маркумдун туугандары аныкталып, байланышка чыгышканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандагы соңку окуяларда Кыргызстандын эки жараны каза болуп, бешөө кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин ТИМ Алматыда 33 жаштагы кыргызстандык каза болуп, бешөө кармалганын билдирген. Ал эми Шымкентте 33 мекендеш кармалып, текшерүү иш-чараларынан кийин кайра бошотулган.
Каза болгон экинчи жаран туралуу маалымат жок. УКМК маркумдун жана кармалгандардын туугандары аныкталып, байланышка чыгышканын белгиледи.
УКМК, ИИМ жана ТИМ Казакстандын тийиштүү органдары менен иштешип кыргыз жарандарына саясий-укуктук жана башка жардамдарды көрсөтүп жатканы айтылды.
Атайын кызмат коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары чет элдик, анын ичинде кыргызстандыктарды кармап, текшерүү процедураларынан кийин кайра коё берип жатканын билдирди. Кыргыз бийлиги мекендештерди тынчтыкты сактап, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жалган сүйлөсөң Бишкекке жөнөтөбүз дешти. Рузахунов окуянын чоо-жайын айтты
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда күч органдарынын эки жетекчисинин сөөгү табылды