БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына онлайн режимде катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Бүгүн, 10-январда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режиминде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышат", — деп айтылат бидирүүдө.
Сессияда Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү маселе талкууланмакчы.
Эске салсак, аталган иш-чарага президент Жапаров катышышы керек болчу. Бирок бүгүн эртең менен анын маалымат кызматы өлкө башчынын кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирди. Маалыматта эмгек өргүү качан аяктай турганы айтылган эмес.