Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанды ар дайым колдойбуз! Жапаров Токаев менен казак элине көңүл айтты

Башаламандыкта канча киши каза болгону тууралуу так маалымат айта элек.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаевге коңшу республикадагы кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров алгач Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларды терең тынчсыздануу менен кабыл алганын айтты.
"Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Казакстан калкынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнүндө сизге жана боордош казак элине терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деди Жапаров.
Ошондой эле телеграммада Кыргызстан көп кылымдык тарыхый, руханий жана маданий байланышы бар Казакстанды стратегиялык өнөктөш катары колдой турганы айтылды.
Сөзүнүн соңунда Жапаров Казакстан элине стабилдүүлүк, биримдик, тынчтык жана өнүгүү каалады.
Эске салсак, бүгүн, 10-январда, Казакстан эли митингден кийин тутанган башаламандыкта каза тапкандарга байланыштуу аза күтүп жатат. Азырынча канча киши көз жумганы тууралуу так маалымат айтыла элек.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан: бир нече экстремисттик топ кол салып, ЖККУ өлкө бүтүндүгүн сактап калды