БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстанда кармалып Кыргызстанга кайтарылган музыкант Викрам Рузахунов кыргыз элине ыраазычылык билдирген видео жарыяланды.
Ал учурда ИИМдин имаратында экени кабарланды.
"Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө кол сунганы үчүн ыраазычылык билдирем. Мен кыргыз элинин уулу болгонума сыймыктанам", — деди ал.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы 9-январда митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолётко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерт койгону барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп коңшу өлкөгө нота жиберилерин айткан. Кийинчерээк ТИМ Рузахуновду бошотуу талабы менен Казакстанга нота тапшырган.
Рузахунов мекенине бүгүн, 10-январда, кайтарылды.